Баткен облусуна кримавторитет Камчы Көлбаевдин барганын Вести.кж сайты өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Анда алар Көлбаев өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин кабинетине кирип чыкканын жазышкан.
Бул суроо боюнча биз облустук администрацияга байланышып көргөнүбүздө Камчы Көлбаев барбаганын, маалымат туура эмес экенин айтты.
"Балким, силер Камчыбек Ташиевди Көлбаев деп алмаштырып алдыңар", - деди басма сөз кызматы.