Баткендин Лейлек районуна караштуу Интернационал айылынын башчысы барымтага алынгандыгын тажик бийлиги четке какты. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Интернационал айылынын башчысы Тажикстан тарабынан барымтага алынышын Исфара администрациясы четке кагып, "негизсиз, жасалма жана кыргыз тараптын кезектеги чагымы" деп атады.
Буга чейин Лейлек районунун Интернационал айылынын Кыргыз жарандарына тиешелүү болгон Жилой дом участкасына жакын аймакта Кыргыз жарандарынын экөө каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айылынын башчысы барган учурда Тажик жарандары аны барымтага алып алышкан.
Барымтага алып кеткен факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.