Биз социалдык тармакта

Улуу Жеңиш күнүнө карата Таласта өтө турган көк бөрү боюнча мелдеш токтотулду

Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгына карата Талас облусунда өтө турган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш токтотулду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан кабарлашты.

"Талас облусунда өтө турган турнир болбой калды. Биринчиден Баткен облусундагы болгон окуянын себеби менен, экинчиден Талас облусунда коронавирус инфекциясынан улам массалык иш-чараларга тыюу салынды.
Көк бөрү федерациясынын башкармалыгы жана облус жетекчилиги менен Баткен облусуна гуманитардык жардам чогултууга чечим кабыл алынды. Курман болгондордун жакындарына көңүл айтабыз", - деп жазылат билдирүүдө.

Көк бөрү боюнча республикалык турнир 3-9-май күндөрү Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында өтмөк.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан