Акыркы маалыматтарга ылайык, чек ара чырында жаракат алган адамдардын саны 154тү түздү. Тилекке каршы, 31 адам курман болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда билдирди.
"Саат 18:00гө карата алынган маалыматтарга ылайык, чек ара чырында жаракат алган адамдардын саны 154тү түздү. Алардын ичинен 121и жергиликтүү тургундар, ал эми 23ү аскер кызматкерлери. Тилекке каршы, 31 адам курман болду", - деп билдирди Солтонбекова.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.