Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышуудан 19 жаштагы футболчу каза болду

Баткенде чек арадагы кагылышуудан жаш машыктыруучу жана футбол калысы Султанбек Абдибахап уулу каза болду. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Кыргыз футболдук союзунан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Султанбек чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгон адамдардын катарында бар.

19 жаштагы Султанбек "Нур-Баткен" клубунда ойноп, "D" машыктыруучулук лицензиясына ээ, ошондой эле жаштар арасындагы чемпиондукта калыстык кылып келген.

Кыргыз футболдук союзу Султанбек Абдибахап уулунун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан