Биз социалдык тармакта

Жаан жаайт. 1-майга карата аба ырайы

Эртең, 1-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан катуу жаайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бийик тоолордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +17…+22;

Талас жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +16…+21;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +14…+19, күндүз +22…+27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +14…+19;

Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6 градус болот.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +20…+22 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан