Тажикстан тарап Төрт-Көчөгө төккөн шагылын алып, Ош-Баткен-Исфана жолу ачылды. Бул тууралуу маалымат Баткендеги журналисттер жана жергиликтүү тургундар тарабынан белгилүү болуп, Баткен облустук администрациясы маалыматты тактады.
"Баткен жана Согди облус башчыларынын тапшырмасынын негизинде түзүлгөн эки тараптуу комиссиянын ишинин натыйжасында, Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Төрт-Көчө жолу ачылып, каттам калыбына келди", - деп билдиришти облустук администрациядан.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 154 адам жаракат алып, 31 адам каза болду.