Бүгүн, 30-апрель саат 21:30га карата Кыргыз-Тажик чек арасындагы Баткен районунда абал тынч. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына өздүк булак кабарлады.
"Баткен районунун Кара-Бак айылында абал тынч. Тажикстан тараптын аскерлери көрүнбөй калды, алып кетишкен окшойт. Кыргыз аскерлери өз аймагында позицияларында жатат", - деп билдирди өздүк булак.
Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматына дагы деле байланышууга мүмкүнчүлүк болбой жатат.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 154 адам жаракат алып, 31 адам каза болду.