Бүгүн, 30-апрелде Баткен шаарындагы облустук администрациянын алдына эл чогулду. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо бир нече адамдын облустук администрациянын алдында турганын көрүүгө болот.
Бул боюнча Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматына байланышканыбызда, маалыматты тактады.
"Эки күндөн бери чек ара маселесин чечкиле деп облустук администрациянын алдында эл топтолуп турат. Бирок Өмүрбек Исакович күнү-түнү жумушта болуп жатат. Видеону кабинетке киргендердин бири тартса керек", - деди басма сөз кызматкери.