Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды координациялоо жана көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Штаб кеңешмесинин жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча бардык тийиштүү чаралар кабыл алынууда", - деп жазылат Мариповдун билдирүүсүндө.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 154 адам жаракат алып, 31 адам каза болду.