Биз социалдык тармакта

Түрк кеңеши чек ара конфликтинде Кыргыз өлкөсү менен тыгыз байланышта болорун билдирди

Түрк кеңеши, кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуунун дипломатиялык сүйлөшүүлөр жана кеңешүүлөр аркылуу жөнгө салынышы керектигин белгилеп, кырдаалды турукташтыруу үчүн тараптарды чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу Түрк кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреевдин жазуу жүзүндөгү кайрылуусунда айтылат.

Анда Амреев эки тарапты тең чоң жоготууларга учураткан кырдаалдын курчушунун тынчсыздандыруу жаратканын, тараптардын сүйлөшүүлөрдөн кийин ок атышпоо келишимине жетишкенине канааттангандарын билдирди.

Учурдагы көйгөйлөрдүн эки өлкөнүн ортосундагы коңшулук мамилелерге жараша дипломатиялык сүйлөшүүлөр жана кеңешүүлөр аркылуу гана чечилиши керектигин баса белгилеген Амреев: "Ушул алкакта Түрк кеңеши өзгөчө кыргыз тараптын тынчтыкты калыбына келтирүүгө кошкон салымын баса белгилеп, тараптарды мындан ары да этият болууга жана чыңалууну күчөтө турчу кадамдардан алыс туруп учурдагы кырдаалды турукташтыруу үчүн биргелешкен чараларды көрүүгө чакырат. Түрк кеңеши, уюмдун негиздөөчү мүчөсү болгон бир тууган Кыргыз өлкөсү менен мындан ары да тыгыз байланышта болот", - деди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы суу бөлүштүрүүчү жайдын көзөмөлүнөн улам чыккан куралдуу жаңжалда кеминде 31 адам каза болуп, 154 адам жаракат алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shaa-82
2021-05-01 09:32:04
Рахмат ушул Турк, Казак, Араб Эмирликтерине, озумчоле бизди колдогондор да бар экен деп суйундум. Кичине жылуу соз да адамдын конулун алат, духун которулот.
+12
Lina2020
2021-05-01 10:25:29
Shaa-82,Жок дегенде ушулар колдоп турат экен. Азыр эле Фейсбукта ТРТ деген түрк каналында тажиктер мурдатан даярданып жүргөн деген кабарды окуп алып, чындыкты берген Тв бар экен деп сүйүнүп отургам.
+5
Gulina90
2021-05-01 09:42:42
Бирөө колдосо сүйүнөт экенсиң тынччылык эле болсун.Ортодо карапайым эл эле кыйналат экенбизда.
+9
bema_bema
2021-05-01 10:05:57
Орустар бузуку эуен
+4
orun
2021-05-02 01:45:10
bema_bema,орус менен дос болсоң, айбалтаңды ала жүр деп бекеринен айтышпаса керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан