Бишкек шаардык мэриясы Баткен облусуна 100 тоннадан ашык гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов төмөнкүлөрдү билдирди.
"Баткен элине суммасы 6 миллион сомду түзгөн 100 тоннадан ашык тамак-аш азыктарын гуманитардык жардам катары жөнөтүп жатабыз. Мындан тышкары Бишкек шаардык мэриясындагы бардык түзүмдөр бир күндүк маянасын которушту. Бул 2 миллион сомго жакын болот. Каражатты өкмөттүн атайын эсебине которуп беребиз. Азыр баарыбыз баткендик туугандарыбызды колдошубуз керек", - деп билдирди Бактыбек Кудайбергенов.
Мындан тышкары Бишкек шаарынын 4 районунда гуманитардык жардамды кабыл алуу бөлүмдөрү ачылды. Ал жерге каалоочулар көмөк көрсөтө аларын кошумчалап өттү.