Премьер-министр Улукбек Марипов Ош шаарында тийиштүү кызматтар менен Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды мындан ары жөнгө салуу боюнча жабык кеңешме өткөрдү.
Анда премьер-министрге учурдагы абал тууралуу маалымат берилгенин өкмөттөн билдиришти.
"Эки мамлекет башчыларынын Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү тууралуу жетишилген келишимине байланыштуу Улукбек Марипов Бишкек шаарына учуп кетти", - деп айтылат маалыматта.