Биз социалдык тармакта

Тажик тарап убадасын бузуп Көк-Таш айылындагы жолду жаап койду (видео)

Тажик тарап Көк-Таш айылындагы жолду сүйлөшүүдөгү убадасын бузуп жаап коюшту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн коомдук коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов билдирди.

Анын айтымында, тажик тарап Ворух жолун ачсаңар Төрт-Көчөнү ачабыз деген шарт коюшкан.

"Бүгүнкү күндө Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Төрт-Көчө аймагын тажик тарап кечээ, 30-апрель күнү болгон сүйлөшүүдөгү үбадаларын бузуп жаап салышкан. Эске салсак, кечээ эки тараптуу сүйлөшүү болуп, андан соң Төрт-Көчөгө төгүлгөн шагылдарын тажик тарап тазалап, жол ачылган болчу.

Өкүлдүн биринчи орун басары Марип Туллаев жана тиешелүү күч түзүмдөрү Тажикстандын Согди облусунун башчысынын орун басары Хайдар Халов жана тиешелүү күч түзүмдөрү Баткен районунун Аксай айыл аймагы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен жерде сүйлөшүүсү болот", - деди Турсуматов.

Тажик тарап убадасын бузуп Көк-Таш айылындагы жолду жаап койду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ala.too.456
2021-05-01 16:59:58
Силер мнене ворухту орттоп салбайсынар
+6
sabirdinovich
2021-05-01 17:09:56
Тажик аскерлерин срочно кууп чыккыла, орозодо канды кайнатпасын
+3
Mularamov
2021-05-01 17:13:42
Ворухка жол ачып ойакадагы аскерлерин киргизди окшойтда
+1
Egizderim-baktim
2021-05-01 21:56:33
Суйлошуп отуруп эмнеге жеттинер болду суйлошууну буздубу, силер да бергиле приказды кана депутаттар биринин карааны корунбойт блин. Эл озун озу коргойт военный техниканы бергиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан