Биз социалдык тармакта

Эки өлкөнүн өкүлдөрү биргеликте кыргыз-тажик күчтөрүнүн жайгашкан жерлерин кароо жүргүзүүдө

Чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин эки өлкөнүн өкүлдөрү биргеликте туруктуу жайгашкан жерине алып кетүү үчүн тараптардын күчтөрү жайгашкан жерлерди кароо иштерин баштады. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Саат 18:15ке карата абал салыштырмалуу туруктуу деп бааланууда", - деп жазылган маалыматта.

Эске салсак, бүгүн, 1-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген Баткен облусунда Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан