Биз социалдык тармакта

Баткен. Бүгүнкү күндө жалпы 51 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Кыргыз-Тажик чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдан улам жалпы 51 миң 398 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланды. Маалымат бүгүн, 1-май саат 19:00гө карата алынганын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Мунарбек Насиров белгиледи.

"Тургундар Баткен шаарындагы социалдык объекттерге жайгаштырылса, айрымдарын кайдыгер эмес жарандар үйлөрүнө алып кетишүүдө, айрымдары туугандарынын үйлөрүндө баш калкалап жатышат", - деди Насиров.

28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам жалпы 174 адам жаракат алып, анын 34ү каза болду

1-2-май Кыргыз өлкөсүндө улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Egizderim-baktim
2021-05-01 21:49:32
Элди коопсуз жерге кочургон жакшы, бирок ошол адамдардын уй жайын коргогону эмнеге армияны жонотпой атасынар... Жылып жылып келе беришет да ал лолулор блин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан