Социалдык тармактарда Лейлек районунун Тажикстан менен болгон чек арага жакын жайгашкан Максат айылынын өрттөлгөндөн кийинки видеосу тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, Максат айылындагы үйлөр толугу менен өрттөлгөн. Ошондой эле Тажикстан тарап өздөрү жашаган үйлөргө тийбей, Кыргыз жарандары жашаган үйлөрдү толугу менен өрттөшкөн. Ошондой эле айылдагы "Максат" орто мектеби дагы толугу менен өрттөлгөн. Видеонун авторунун айтымында, мектеп жаңы курулган.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 173 адам жаракат алып, 34 адам каза болду. Бүгүн, 2-майга карата Баткенде абал туруктуу.