Биз социалдык тармакта

ИИМдин биринчи орун басары Лейлектин чек арага чектеш айылдарынын эли менен жолугууда

Бүгүн, 2-май күнү ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Лейлек районунун чек арага чектеш Арка-1, Арка-2 айылдарынын жергиликтүү тургундары менен жолугуп, коомдук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Сүйүн Өмүрзаков жарандардын коопсуздугун сактоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан бул айылдарга коюлган блок постторго барды.

"Министрдин биринчи орун басары милициянын кайгуул топтору менен биргеликте чек арага чектеш аймактардагы жергиликтүү элдин үйлөрүн кыдырып, коопсуздукту камсыздоо боюнча маселелерди жеринде чечүүдө. Арка-1, Арка -2 айылдарында төгүлгөн шагылдар алынып, унаалар тоскоолдуксуз өтүүлөрү үчүн жолдор дагы тазаланды", - деп жазылат маалыматта.

Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр 29-апрелде таңга маал курчуп, куралдуу жаңжалга айланган. Анын кесепетинен жалпы 178 адам жаракат алып, анын 34ү каза болду. Мындан улам 1-2-май Кыргыз өлкөсүндө улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.

Кыргыз-Тажик чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдан улам жалпы 51 миң 398 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munduz2016
2021-05-02 18:24:27
После пожар ..й насос болуп атабы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан