Биз социалдык тармакта

"Тийиштүү жардамдар көрсөтүлөт". Улукбек Марипов чек ара окуясында жакындарын жоготкондорго көңүл айтты

Премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн жана жеке өзүнүн атынан Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги акыркы окуялардын жүрүшүндө курман болгон мекендештерибиздин жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.

"Кымбаттуу мекендештер, Баткен облусунда орун алган кайгылуу окуяларга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы жарандардын жана наристелердин курмандыгына алып келген жаңжал кайгысы ар бир жарандын жүрөгүн жаралады. Жүздөгөн үй-бүлөгө кайгы алып келди. Эч кандай көңүл айтуулар менен жалп өчкөн мекендештерибиздин өмүрүн кайтарып ала албайбыз. Алардын элеси өлкөнүн ар бир жаранынын жүрөгүнүн түпкүрүндө сакталат!

Кыйын кезеңде бир муштумга түйүлүп, кагылышуу аймагында калган тургундарга көмөк көрсөткөн жарандарыбызга ыраазычылык билдиргим келет.

Конфликттин ырбоосуна жол бербөө үчүн колдон келген аракетин жасаган укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн солдаттарына, сержанттарына жана офицерлерине ыраазычылык билдирем.

Курман болгон мекендештерибиздин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жаракат алган жарандарыбыздын тез арада айыгып кетүүсүн жана чың ден соолукта болуп, узак жашоосун каалайм.

Мамлекет тараптан курман болгондордун жана жаракат алган жарандардын үй-бүлөсүнө тийиштүү жардамдар көрсөтүлөт. Зарыл болгон финансылык жана башка ресурстар талкаланган турак жайларды, социалдык жана чарбалык маанидеги объектилерди тезинен калыбына келтирүүгө багытталат.

Мекенибиз Кыргыз Республикасында ар дайым тынчтык, элибизде ажырагыс биримдик болсун".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nina.alex
2021-05-02 14:37:38
Койчай сен
+9
Zhanara82
2021-05-02 14:51:35
Эми пайда болдунбу
+9
Sambet08
2021-05-02 15:05:16
Сенин бир ооз ойлонбой айткан созунон ушунча омур кыйылды мамлекеттеги 2чи лицо болгондон кийин балп этип суйлоп койбой кичине ойлонуп суйлочу
+10
Tatu_8889
2021-05-02 15:21:42
Эмии жардамынар деле тушунуктуу силердин.женил жарадар болгондорду карабай койчуленер,машинин бар,уйун бар,айлык,пенсиян бар деп...баарына тегиз карабайсынар.дагы жакшы ырчы,чоорчулар бизде активный экен уюштуруп жардамдарга комок корсотуп жатвшат
+6
Aibek_eka
2021-05-02 15:26:48
Чык эшикке козго корунбочу баарына сен куноолусун жооп бересин али
+8
Agayu
2021-05-02 15:27:55
Э келесоолор : Марипов КМШ нын мучолору менен журду: ал жэрге барбай кое албайт .Дуйнону да сыйлаш керек .Анан суу боюнча айткан созу эн туура элдин козун ачып койду .Ошон учун Политика дейт.Эл тушунбойт Политиканын П сын .Тушунуп тушунбогонго башты тыга берип тупой болуп буттукго. Кече да автомат бергиле деп .Эгер бийлик берип койгондо коп адамдарыбыз олмок тактиканы билбей Ташиев менен Садырга алкыш айтыш керек .Ото сонун аткартат
-7
Agayu
2021-05-02 15:28:43
Ошон учун мага 5 жыл жэтиштуу эмес деп реформа кылды .Вот ошодон баштады .30 жыл деп бекер айтпайт да .
-9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан