Тажиктердин Баткен облусуна куралдуу кол салуусунан кийинки аймактардагы көрүнүштөрдүн сүрөттөрү, видеолору социалдык тармактарга тарап жатат. Алсак, чек арага жакын жайгашкан Максат айылында курулушу аяктап, иштетүүгө бирелген эки кабаттуу мектеп өрттөлгөн. Сүрөттөрдөн мектептин айрым бөлмөлөрү, парта, отургучтардын жараксыз абалга келгенин байкоого болот. Ошондой эле класстардын биринде окуучуга таандык бут кийим дагы жатат.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, мектеп жаңы курулган.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 178 адам жаракат алып, 34 адам каза болду. Бүгүн, 2-майга карата Баткенде абал туруктуу.