Биз социалдык тармакта

Чек ара чыры башталганда Баткендеги көзөмөл-өткөрүү пунктунда иш убактылуу токтотулган

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарында коопсуздукту камсыз кылуу максатында чек ара жаңжалы башталгандан бери адамдардын, автоунаалардын жана товарлардын өтүүсү убактылуу токтотулган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын коргоо ведомстволорунун офицерлеринен турган биргелешкен комиссиянын иши мамлекеттик чек ара тилкесинен кошумча күчтөрдү жана активдерди алып кетүүнү улантууда.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 178 адам жаракат алып, 34 адам каза болду. Бүгүн, 2-майга карата Баткенде абал туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан