Биз социалдык тармакта

Сузакта каналга түшүп кетиши мүмкүн делинип изделип жаткан 14 жаштагы өспүрүм аман-эсен табылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп изделип жаткан 14 жаштагы өспүрүм аман-эсен табылды. Маалыматты бүгүн, 2-майда ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Таштак айылынын тургуну 2007-жылы туулган С.Д. аттуу эркек бала үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан. Бүгүн саат 16:40 чамасында туугандары тарабынан аман-эсен табылды.
Буга чейин өспүрүмдүн туугандары куткаруу кызматкерлерине жардам сурап кайрылышкан. Алар өспүрүмдүн уюлдук телефону каналдын жээгинен табылганын, бала сууга түшүп кетиши мүмкүн дешкен. Издөө иштерине Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук өрт куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери чыгышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
munduz2016
2021-05-02 18:07:57
Ошондо каякта жургон экен?
+11
Belek1710
2021-05-02 19:18:22
коркуткан го телеф каналдын жээгине коюп койуп жүбаримбек десе!
+5
SHaidulda
2021-05-02 19:40:08
Омуру узууун болсун
+1
Siren90
2021-05-02 23:12:08
Кудайга шүгүр, аман-эсен эсен табылыптыр эмнеси болсо да, болбосо акыркы күндөрү жоголгондордун жансыз денеси табылды деген жаңылыктарды окуп калдык эле
+1
mira28
2021-05-03 03:23:30
Эмнеси болсо да эн сонун кабар болду.Откоол курактагы бала экенда.Ойноп жургонго,Эненин коону балада,баланын коону талаада деген соз бекеринен айтылбаган да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан