Чек ара кызматы бүгүн, 3-май күнү саат 09:30га карата Кыргыз-Тажик чек ара бөлүгүндөгү абалды туруктуу деп маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2-майдан 3-майга караган түнү аталган тилкеде эч кандай окуя же ок атышуу катталган эмес.
"Чек арачылар бүтүндөй Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын кайтарууда. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен кошумча күчтөрдү жана техникаларды чыгарып кетишти.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын коргоо ведомстволорунун офицерлеринен турган биргелешкен комиссия аймактарды текшерүү иштерин улантууда", - дешти мекемеден.