Баткендеги чек ара чырында жаракат алгандар жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Ага саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөөнүн республикалык илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов катышууда.
Анда Солтонбекова гуманитардык жардам боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.
"2-майда Баткен облусуна 40 тонна гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Анда тамак-аш жана кийим-кече жөнөтүлдү. Учурда көптөгөн эвакуация болгон тургундар үйлөрүнө кайтып келе жатышат", - деп билдирди Солтонбекова.
Ошондой эле Орусия менен репатриация иштери жүргүзүлүүдө. Анда 6 бала Орусиядан Бишкекке алып келингени айтылды.
"Учурда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Орусия менен биргеликте репатриация иштери жүргүзүлүп жатат. Орусиядан 6 бала (4 кыз, 2 бала) алып келинип, балдар үйүнө жайгаштырылды. Алардын жакындарын таап, тапшырууга аркет көрүлөт", - деди министрдин орун басары.