Биз социалдык тармакта

Борбор калаада фонтандардын сезону ачылды (сүрөт)

Бишкекте термометрдин көрсөткүчү акырындык менен жогорулай баштады. Мындан улам борбор калаадагы фонтан комплекстери ишке кирди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын балансында 16 фонтан комплекси бар. Жаш Гвардия бульварындагы бир фонтанды кошпогондо, калганы күн сайын эртең мененки саат 10:00дөн кечки 19:00гө чейин иштейт. Борбордук "Ала-Тоо" аянтында жана Тарых музейинин маңдайында тургандар кечки саат 21:00гө чейин иштейт", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетүүчү жагдай, бардык фонтандар түшкү саат 14:00дөн 16:00гө чейин техникалык тыныгуу үчүн өчүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан