Биз социалдык тармакта

Мурунку министр Чыңгыз Айдарбеков: "Чек арадагы чыр Тажикстандын айрым чиновниктеринин чыккынчылыгы, аларды жоопко тартуу керек" (видео)

Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков чек ара чыры боюнча Тажикстандын аскердик агрессиялык аракетин эл аралык ыкмалар менен жоопко тартып, компенсациялык айып төлөтүш керек деп эсептейт.

Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, кабардар кылды.

Айтымында, репарация жолу менен Тажикстандын агрессиясын эл аралык коомчулук тарабынан сынга алуу, аброюн төмөндөтүү, санкцияларды киргизүү, күнөөсүн мойнуна алуусу, агрессиянын айынан болгон чыгымды калыбына келтирүү, жабыркаган тарапка материалдык жана моралдык компенсацияны төлөтүү керек.

"Апрелдин аягында Тажикстан тараптан Кыргыз өлкөсүнө жасалган агрессияга байланыштуу баардык видео, фото материалдарды чогултуу зарыл. Бул материалдар Кыргыз өлкөсүндөгү эл аралык деңгээлде аскердик агрессия актысы үчүн Тажикстанды жоопко чакырууга жардам берет" ,- деп билдирген Айдарбеков.

Ошондой эле ал Тажикстандын XXI кылымда аскер техникасын бир тараптуу колдонуп, орто кылымдык методдор менен маселени чечүү аракети цивилизациялуу эмес экендигин билдирген. Мындан улам ал акылдын күчү жана коомдун биримдиги орой мамилеге караганда алда канча күчтүү экендигин кошумчалаган.

"Белгилеп кетиш керек, бул жалпы тажик элинин агрессиясы эмес, бул Тажикстандын айрым чиновниктеринин чыккынчылыгы, кыянаттыгы - алар жоопко тартылышы керек", - деп билдирген мурунку министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-05-03 14:51:49
Туура соз,Ташиев алардын мойнуна алышын кутобуз деп кутуп эмне кылат.Бардык жактан кысып,сотко берип,санкция киргизип экинчи атака кылбай турган кылыш керек иттерди!!!
+6
Yahoo
2021-05-03 18:30:18
Это не братская страна для нас, мы не простим их никогда.Закройте границу с этой дискообразной, не далеко мыслящей страной раз и навсегда!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан