Парламенттин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин 21-октябрдагы жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков каржы министри Ольга Лавровадан эмне үчүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы аз экенин сурады. Буга Лаврова айлык акынын системдүү көтөрүлбөй, айрым органдар бул боюнча алдыда экенин айтты.
"ИИМ боюнча жумушчу топ түзүлдү. Тапшырма берилип, маяналарды көтөрүүнүн варианттарын табуу аракети болуп жатат. ИИМ үчүн эле 1 миллиард сом керек",- деди Лаврова.