Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында узундугу 732 метрди түзгөн айнек асма көпүрөнүн курулушу 2026-жылдын ноябрь айында башталат. Долбоорду 2027-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин европалык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө көпүрөнүн курулуш долбоору талкууланып, адистер менен биргеликте курулуш жүргүзүлө турган аймак каралды.
Долбоор ишке ашса, көпүрө дүйнөдөгү эң узун айнек асма көпүрө болуп, аны Гиннесстин рекорддор китебине киргизүү каралууда.
Мындан тышкары, Тепши платосунан Теке-Тоо тоосуна жана шаркыратмага чейин экологиялык жөө жүрүү жолун уюштуруу пландалууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Ала-Арча жаратылыш паркында асма жол пайдаланууга берилип, эс алуу үйлөрү курулган. Учурда беш жылдыздуу мейманкананын курулушу аяктоо алдында турат.
Долбоорлор парктын туристтик инфраструктурасын кеңейтүүгө жана жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.