Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркы менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда Анкара шаарында Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Иш-чара Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитинин алкагында өттү. Ага уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери катышты.

Паркта ар бир өлкөнүн маданиятын жана тарыхый мурасын чагылдырган искусство чыгармалары жана улуттук объектилер орнотулган. Кыргызстандын атынан «Мураскер» скульптурасы коюлду. Анда бүркүт менен аңчылык кылуу өнөрүн уланткан жаш мергенчинин образы чагылдырылган.

Иш-чаранын соңунда мамлекет башчылары бак отургузуу аземине катышып, аларга улуттук маданиятты чагылдырган концерттик программа тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан