Жалал-Абад шаарынан эки күн ичинде 1 миллион сомдук жардам Баткен облусуна жеткирилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Баткен аймагына азык-түлүк, кийим-кече, балдар үчүн буюмдар жана жууркан-төшөк жеткирилген.
"Жалал-Абад шаарынан Баткен облусундагы жабыркаган элге эки жолу гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Шаардык мэриянын ыкчам штабы уюштуруу иштерин колго алып, элден гуманитардык жардам чогултулду. Жалпы 1 миллион сомдук азык-түлүк, кийим-кече, балдар үчүн буюмдар, жууркан-төшөк жеткирилди.
Мындан сырткары Жалал-Абад шаардык мэриясында акчалай жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн кутуча ачылган. Учурда кутучага 260 миң сом акча каражаты топтолду", - деп жазылат маалыматта.