Ысык-Көл: Саруулуктар жөө жүрүш менен район борборуна келишет

Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары бүгүн, 21-октябрда тынчтык митингин өткөрүшүп, район борборуна жөө жүрүш менен баруу чечимин кабыл алышты. Район акиминин милдетин аткаруучу Дамир Моңолдоровдун айтымында, жөө жүрүшкө 200-300дөй адам катышат. "Саруудагы активисттер жөө жүрүш менен барып, район борборунда митинг өткөрө тургандыктарын айтышууда. Митинг мыйзамдуу жол менен өтсө биз эч кандай тоскоол болбойбуз",- деди Моңолдоров.  

 

Жөө жүрүш 2-3 күндүн ичинде болот. Талаптар мурдагыдай: "Кумтөр" маселесин тез арада элдин кызыкчылыгына чечүү, "Кумтөр" боюнча айыпталып камалган ысык-көлдүктөрдү бошотуу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан