Тажикстандын Башкы прокуратурасы кыргыз аскер кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду.
Коңшу өлкө кыргыз аскер кызматкерлерин жана Кыргыз өлкөсүнүн айрым жарандарын адам өлтүрүүгө жана агрессивдүү согушка айыптап жатат. Бул тууралуу "Asia-Plus" басылмасы Тажикстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Мекеменин маалыматында, чагымчылдыктын уюштуруучусу Кыргыз өлкөсүнүн чек ара аскерлеринин аскер кызматкерлери болгон.
Маалыматта кошумчалангандай, жаңжалга өлкөнүн жарандары жана офицерлери дагы катышкан, согуштук курал-жарактар, аскер куралдары жана бронетехника колдонулган.
Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Башкы прокуратурасы 29-апрелдеги Баткен облусуна Тажик тараптын кол салуусу боюнча кылмыш ишин козгогон. Кыргыз тарап Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын 2004-жылы 26-майда кабыл алынган келишими бузулганын билдирген. Кылмыш иши Кыргыз өлкөсүнүн Жазык кодексинин 380-беренеси ("тынчтыкка каршы кылмыштар") менен козголгон. Сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү милдети УКМК, ИИМ жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен түзүлгөн тергөө тобуна жүктөлгөн.
Ошондой эле Ички иштер министрлиги чек арадагы окуялар боюнча 11 кылмыш ишин козгогонун билдирген. Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаевдин айтымында, анда "адам өлтүрүү", "массалык баш аламандык", "тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар", "бейбаштык", "чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери боюнча иш козголгон.