Кулунду унаа-жол көзөмөл өткөрүү жайы Кыргыз-Тажик жарандарын өткөрүп баштады

Бүгүн, 18-сентябрь күнү саат 18:30да Кулунду-унаа жол көзөмөл өткөрүү жайы Кыргыз-Тажик жарандарын өткөрүп баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Кулунду-унаа жол көзөмөл өткөрүү жайы Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылынын түндүк тарабында жайгашып, көп тараптуу. Көзөмөл өткөрүү жайы күнү-түнү иш алып барган жайы болуп эсептелинет.

Азыркы учурда Тажикстан менен чектешкен бардык беш өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иш алып барып жатышат.

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nurbek56
2019-09-18 22:57:21
Мамлекет жаап салганга духу жетпесе Баткен элеине кайрылат элем жолдорду жаап салса ошондо граница чечилет 30.кунго жапса Тажиктердин куну бутот оздору айткан шартка конот
+4
Omush94
2019-09-18 23:04:38
Жаап салыш керек
+2
kyrgyz.kg83
2019-09-18 23:30:37
Бир ай ачпай еле койбоптур
+2
BarsBaatyr
2019-09-18 23:36:28
Ачпай койсо контрабанда өлбөйбү. Чоңдорубузда былыктын баары.
+1
Dalil
2019-09-19 07:57:52
BarsBaatyr, чоңдор элге күйүп жетип барды деп жатамынбы? Алар контрабандасы өтпөй калганына күйүп жетип барды. Раззаковду ошондон нары тажиктерге өткөрүп бериш керек эле. Эти силердики сөөгү биздики деп.
0
jike
2019-09-19 02:08:53
Аа жол ачылыптыр болду Эми кайра эле мурдагы жашоо башталды. Чондор кетет калат ошол бойдон.
0
aida007
2019-09-19 15:36:21
Туугандар силер корбой оной суйлой бересинер жаап салса биздин жарандарда кыйналып жатпайбы ошол айылдардын базары азык тулугу жолдун наркы бети Тажикстандан алынат...ал жол жабылса 80-100 км жерге барып келиш керек онойбу? А контробанданы толук козомолго алыш керек ьоктотуш керек!!! Бирок карапайым Элди да ойлош керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан