Биз социалдык тармакта

Баткендеги чек ара чырынан зыянга учураган билим берүү мекемелери калыбына келтирилет

Баткен облусундагы билим берүү уюмдарынын ишин уюштуруу боюнча пресс-конференция өтүүдө. Анда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Баткендеги чек ара чырында зыянга учураган билим берүү объекттери жөнүндө маалымат берди.

"Баткен районундагы атышуу учурунда Ак-Сай айылындагы Ходжаев мектебинин экинчи кабатындагы кабинеттердин терезелери, айнектери зыянга учураган. Орто-Боз айылындагы Момунов атындагы мектептин терезелери сынган. Корпус өзү авариялык абалда болчу, ошондуктан бул мектебибиз абдан зыянга учурады. Кызыл-Бел айылындагы Масалиев атындагы мектептин ашканасынын терезелери сынган. Көк-Таш айылындагы "Учкун" балдар бакчасынын терезелери, айнектери сынган.

Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнүн Максат айылында "Максат-Сейтек" балдар бакчасы пландуу кубаттуулугу 80 орундуу болчу, 58 бала тарбияланып жаткан. Имарат толугу менен күйүп кетти. Максат мектеби 2015-жылы эксплуатацияга берилген жаңы мектеп болчу. Мектепте 200 бала окуп жаткан. Имараттын көп бөлүгү күйүп кеткен. Азыркы учурда адистер баалоо жүргүзүп жатышат. Капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж бул мектепти жаңы окуу жылына чейин кайрадан оңдоп-түзөп сентябрда окуу процессин жандандырышыбыз керек. Ошол эле айылдын бала бакчасы толугу менен күйүп кеткен. Бирок жаңы окуу жылга ал бала бакча кайрадан курулат", - деди Жусупбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан