Биз социалдык тармакта

Айыл-чарба министри Баткендеги окуядан жабыркагандардын жазгы талаа ишинин жүрүшүн камсыздап бере турганын айтты

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков 3-майда медиа-штабдагы маалымат жыйында Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал жана Баткен облусундагы айыл-чарба иштеринин жүрүшү тууралуу айтып берди.

Айыл-чарба министрлиги Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан жаңжалдын кесепетинен үйлөрүнүн документтери жоголгон жарандарга документтерин калыбына келтирип, жазгы талаа ишинин жүрүшүн камсыздап берет.

Министр андан ары облустагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында, Кыргыз-Тажик жаңжалынан Баткен облусундагы айыл чарба жерлерине эч кандай зыян келген эмес.

Министрликтин эсептөөлөрү боюнча, Баткен облусунда күтүлүүчү дүң жыйым буудай боюнча 127,8 миң тонна, арпа боюнча – 21,4 миң тонна, жүгөрү боюнча 63,7 миң тонна, күрүч боюнча 12,4 миң тонна, картошка 35,5 миң тонна, жашылча-бахча 330 миң тонна, мөмө-жемиш 7,3 миң тонна күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан