Биз социалдык тармакта

Казакстандык ишкер Алмаз Ибрагимов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп Алмаз Ибрагимов дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Алмаз Ибрагимов Ысык-Көл облусунда туулган. Көп жылдар бою Казакстандагы ири өнөр жай ишканаларынын топ-менеджери болуп иштеп келген жана ар кандай инновациялык долбоорлорду ишке ашырган.

Казакстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Алмаз Ибрагимов «Курмет» жана «Отан» ордендери менен сыйланган, ошондой эле биринчи жана үчүнчү даражадагы «Барыс» орденинин жана үчүнчү даражадагы «Енбек даңкы» төш белгисинин ээси, Казакстандын минералдык ресурстар академиясынын ардактуу академиги, С.Торайгыров атындагы Павлодар мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Milduri
2021-05-03 21:56:10
Абдан жакшы, эээң жакшы.
+4
nazira...
2021-05-03 22:01:07
Вау, ишенич чоон, жакшы жанылыктарды күтөбүз.
+4
Chungyz
2021-05-03 23:24:49
Озунор айтмакчы 30 жыл жединер ичтинер эми хотябы 5 жыл олко учун иштеп бергиле элге жакшы шарт жумуш айлык тузуп бергиле анан кийин каласанар жеп иче бергиле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан