"Зарылбек Рысалиев А.Юсуповду СИЗОдон качырууга даярдады" - дейт жактоочу

"Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев 7-апрель окуясы боюнча айыпталып камакта жаткан Абдулла Юсуповду СИЗОдон качырууга даярданып жатам". Муну 21-октябрдагы маалымат жыйында Довран Касымовдун жактоочусу Эрнист Исаев айтты. Маалыматты жактоочуга кардары айтып бериптир.  

Окуя боюнча: 

Касымовду А.Юсуповдун иши боюнча тергөө тобу Юсуповдун укугун коргоо үчүн жалдап, бир апталык иши үчүн ага 1000 доллар берүүнү убадалашкан. Бирок Касымов укук коргоо эмес, А.Юсуповду качырууга катыша турганын билип калып иштешүүдөн баш тартыптыр.  

Айтымында, ЖАМКнын 2 кызматкери СИЗОдон алып чыгып кетмек. Сырттан Юсуповду жактоочу Довран Касымов күтүп турмак жана анын Казакстанга чыгып кетишине автоунаа таап бермек. Муну Касымовго Абдулла Юсупов өзү айтып бергени айтылды. Сүйлөшүү учурунда Юсупов Зарылбек Рысалиевге чалып "шеф, баары даяр" деп айтыптыр. Муну уккан Довран Касымов ошентип иштешүүдөн баш тартканын айтат маалымат жыйында Эрнист Исаев.   

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан