Биз социалдык тармакта

Жеңиш күнүнө карата балдар арасында онлайн сынак болот. Шарттары

9-май - Жеңиш күнүнө карата Свердлов райондук акимиатынын онлайн сынагы башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка 18 жашка чейинки ар бир адам үч номинация боюнча катыша алат: мыкты сүрөт; мыкты видео куттуктоо; мыкты автордун куттуктоосу.

Сынактын катышуучулары Свердлов райондук администрациясынын Фейсбуктагы баракчасына жазылуусу керек.

"Куттуктоолорду WhatsApp: 0558 773 703 аркылуу жөнөтүп жана https://www.facebook.com/SRABishkek/ баракчасына жарыялоо аркылуу кабыл алынат. Эң көп "жакты" жана "репост" алган катышуучулар жеңүүчү деп эсептелет. Үч номинация боюнча баалуу белектер даярдалды: 1-орун - уюлдук телефон; 2-орун - планшет; 3-орун - акылдуу саат.

Добуш берүү 7-май күнү саат 15:00дө аяктап, жыйынтыгы саат 17:00гө чейин чыгарылып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо облустук акимиаттын жыйын бөлмөсүндө болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан