SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылып, Өтмөк ашуусунда жолду суу каптап, унаалардын өтүшүнө тоскоолдук жаратып жатканын айткан.
Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматына байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Күндүн жылышынан улам кар эрип, суу жолду каптап жатат. Ошондуктан жеңил унаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктар жаралууда. Азыркы учурда жеринде Жол тейлөө кызматынын кызматкерлери иш алып барууда", - деп билдиришти ӨКМдан.