Бүгүн, 4-май Баткен облусундагы жабыркагандарга жардам, эпидемиологиялык кырдаал жана эмдөө боюнча пресс-конференция өтүүдө.
Анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Баткенде жабыркагандардын учурдагы абалы тууралуу айтты.
“4-майга карата Баткенде жабыркагандардын саны 189 болду. Анын ичинен 36 адам каза болду. Бүгүнкү күндө жабыркаган 100 адам саламаттыкты сактоо мекемелеринде атайын дарылоодон өтүп жатышат. Анын ичинен Бишкек шаарына которулуп келген 59 адам, Баткен облусунда 41 адам дарыланууда. Жеңил жаракат алган адамдар үйгө чыгарылды.
Ошондой эле медициналык мекемелерде дары-дармек, кан толук каандуу жетиштүү”, - деп билдирди Солтонбекова.