Биз социалдык тармакта

Лейлекте милиция өз айылдарына кайтып келген жарандардын арыз кайрылууларын угууда

Бүгүн, 4-майда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында милициянын көчмө кабылдамасы иштеп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка-2, Достук айылдарында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте толугу менен күнү-түнү иш алып барууда.

29-30-апрель күндөрү эвакуация болуп айылдан чыгып кетип, бүгүнкү күндө өз айылдарына кайтып келген жарандарга милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, арыз-кайрылууларды кабыл алып жатышат.

Милиция учурда жогорудагы аталган аймактарда абал туруктуу экендигин кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан