Биз социалдык тармакта

Тажикстан аскерлеринин аткылоосуна туруштук берген брондолгон унаанын сүрөтү жарыяланды

Тажикстан аскерлеринин аткылоосунан улам талкаланган Кыргыз өлкөсүнүн брондолгон "Chevrolet Suburban" унаасынын сүрөтү жарыяланды. Сүрөттү Бакыт Жумагулов аттуу социалдык тармактын колдонуучусу жарыялады.

Сүрөттө көрүнгөндөй, тажик аскерлери унаанын кузовун жана айнегин аткылашкан. Талкаланган унаа 2019- жылы Баткен облусунун коопсуздук кызматкерлерине берилген унаа экендиги белгилүү болду.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, Тажикстандын кыргыз тарапка кол салуусунан улам Кыргыз өлкөсүнөн 183 адам жаракат алып, 35 адам каза болду. Бүгүн, 4-майга карата Баткенде абал туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bakyt.shutov
2021-05-04 14:16:08
Реклама субурмана болуптур го
0
Rifle_I
2021-05-04 14:18:03
Производитель бекер ремонт кылып берет эми. Мындай рекламаны эч ким кылбайт башка.
+3
Omyke
2021-05-04 15:07:10
Бул Женго тапшырган унааго дагы бироосу бар.
+1
bond02
2021-05-04 21:51:25
Omyke,бул унааны Атамбаевдин телохранители тапшырган болуш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан