Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги тарабынан Баткен облусунда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат жыйын болуп өттү.
Анда транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев учурда Баткен облусу боюнча 8 маршруттук каттам жүрүп жаткандыгын айтты.
"Транспорт тармагы боюнча 29-30-апрель жана 1-май күндөрү 4 миң 130 адам ташылды. Бул иштерге 293 кичи автобус тартылды. Ал унаанын бардыгы менчик. Баткен облусу боюнча мурда 72 автобустук каттам болсо, бүгүнкү күндө чек ара окуясына байланыштуу 8 эле маршруттук каттам иштеп жатат. Лейлек району боюнча Интернационал-Даркум, Интернационал-Башкент, Маргун-Арка, Исфана-Арка, Интернационал-Кайрагач. Баткен району боюнча 3 каттам иштеп жатат. Баткен-Исфана, Баткен-Ак-Сай, Баткен-Көк-Таш маршруттары", - деп билдирди Кайынбаев.
Белгилүү болгондой, Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан Баткен аймагындагы бир нече айылдар жабыр тартты. 36 адамдын өмүрү кыйылып, 189 адам жаракат алды.