Эртең, 5-майда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ага ылайык, күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +29...+34,
Талас жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +26...+31,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +28...+33,
Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +23...+28,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз +6...+11 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн +13...+15, күндүз +31...+33 градус.