Орусиянын Москва шаарынын медициналык мекемелеринде энелери таштап кеткен 5 айдан 2 жашка чейинки 6 бала өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, балдардын мекенине кайтарылышы Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин консулдук бөлүмүнүн
жардамы менен уюштурулган. Кайтарылган балдар балдар үйүнө жайгаштырылды. Эми адистер балдарды үй-бүлөлөрү менен бириктирүү үчүн жакын туугандарын издей башташат.
Белгилей кетсек, быйыл Ирак Республикасынан 79 бала өз мекенине кайтарылган.