Биз социалдык тармакта

ИИМ: "28-29-апрелде коопсуздук кызматы Головной суу алуучу жайында күчөтүлгөн тартипте иш алып барган"

2021-жылдын 28-29-апрелинде коопсуздук кызматы Головной суу алуучу жайын коргоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн ыкчам бөлүктөрүнөн турган күзөт күн сайын Головной суу алуучу курулманы коргоону жүзөгө ашырат деп түшүндүрөбүз.

2021-жылдын 28-29-апрелинде Головной суу алуучу жайы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин "Шер" 707-аскер бөлүгү тарабынан корголгон жана аталган кызмат жеринде күчөтүлгөн тартипте иш алып барган", - деп жазылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча комитетинин отурумунда, Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек Дюшалиев Головной суу алуучу жайында эч кандай бекемдөө болбогонун, ошондуктан Тажикстандын аскер кызматкерлери бул жерди басып алууга аракет кылгандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Suior85
2021-05-05 04:08:07
Калпты дагы окшоштурсанар кичине
+1
Dembele84
2021-05-05 07:10:55
Головнойго баарын тыгылып алып,Лейлек тарап кыйрап жатпайбы.Общий тажиктер менен болгон чек араны кучотуп караш керек эле
+4
Urmat78
2021-05-05 08:46:08
Головнойду 10 солдат кайтарды деп журотго.Канча тажикке туруштук Берген баатырларды чыгарып коюшпайбы.Каяктагы ал жерде болбогондор эле жанылыктарда журушот.Ошо жерде согушкан солдат жергиликтуулордон эч ким интервью албай эле офисте отургандардын сурашат
+5
bond02
2021-05-05 08:47:45
Туштон кийин актануунун кереги жок!
0
Aky12
2021-05-05 12:02:40
Головнойду жанын аябай 9 жоокер коргоп калыптыр,анын 8и жарадар болгонуна карабай турущтук берип туруптур,ошолорду неге айтып чыкпайсынар?Чыныгы баатырлар мына ошолор, ошол жигиттерди элге корсоткуло,эл таанысын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан