Социалдык тармактын колдонуучусу Рахматулла Кудайбердиев Баткен облусуна жаңы Мадина шаарчасын курууну сунуштады.
Анын айтымында, Лейлектин тажик тарап кол салган айылдардын биринин аймагында күйгөн үйлөрдүн ордуна эмес, өзүнчө жаңы жерге кичи шаарча куруу керек.
"Урматтуу кыргыз элим! Учурда Баткенди калыбына келтирүүгө карапайым журт, бизнес, бийлик жана эл аралык коомчулук ири каражаттарды берип баштады, көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Убакыттан пайдаланып, түшүп жаткан акчаны максималдуу түрдө максаттуу пайдаланууга чакырам! Ал үчүн Лейлектин тажик тарап кол салган айылдардын биринин аймагында, күйгөн үйлөрдүн ордуна эмес, өзүнчө жаңы жерге кичи шаарча курууну сунуштайм! Мадина аталышын ала турган бул шаарчаны аймактын социалдык-маданий, саясий-экономикалык борборуна айлантуу керек. Ага өзгөчө макам берүү менен шаарда ишкана ачам, бизнес жүргүзөм деген жактарды 10 же 15 жылга салыктан бошотуу. Мадинада билим берүүнү Бишкектеги эң алдыңкы мектептерден кем калбагандай деңгээлде жүргүзүүнү камсыздоо зарыл. Ошондо ата-энелер иш менен камсыз болуп, балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө мыкты шарт түзүлмөк. Бул демилгени жергиликтүү эл да, жалпы кыргыз журтчулугу да колдойт деген ишеничтемин!", - деп жазган ал.
Фейсбуктун колдонуучулары Рахматулла Кудайбердиевдин пикирин бир добуштан колдоп, эң биринчи чек араны тактап алуу керектигин кошумчалашты.