"Ысымын ойлонуп жатабыз". Баткенде эвакуациялангандан кийин көз жарган келиндер үйлөрүнө чыгарылды (видео)

Тажиктердин куралдуу кол салуусунан кийин Кадамжайга эвакуациялангандардын арасынан үч келин көз жарганы маалым болгон.

Алардын бири 32 жаштагы Айчүрөк Жолдошева Кызыл-Жол айылынын тургуну эгиз төрөгөн (бир кыз, бир уул). Ал эми дагы бир 31 жаштагы Кайрынса Ганыбек кызы Кара-Бак айылынын тургуну кыз төрөгөн. Мындан сырткары 28 жаштагы Дилфузахон Таштемирова Бужум айылынын тургуну кыз төрөгөн.

Эне менен ымыркайлар аймактык ооруканадан кечээ, 4-майда үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен аймагындагы Кадамжай жардам штабынан билдиришти.

"Бизде Мөл-Булак компаниясында иштеген кызыбыз демөөрчүлүк кылып, эгиз төрөгөн келинге кир жуучу машина белек кылды. Көз жарган дагы эки келинге коляска жана башка керектүү буюмдар берилди. Ал эми мамлекеттик комиссия тарабынан 2 миң сомдон акчалай жардам берилди. Ошондой эле наристелерге керектүү бардык буюмдарды тапшырдык. Роза Отунбаеванын фонду тарабынан 25 килограмм ун жана башка азык-түлүктөр берилди. Биздин активист жарандар эт, жумуртка сыяктуу азыктарды беришип, биз болсо ооруканага жеткирип, күчтүү тамактануусуна шарт түзүп жаттык. Үйлөрүнө чыгып жатканда бизге ыраазычылыктарын билдиришти", - деп билдирди ал.

Ошондой эле ымыркайлардын ысымдарын коюу үчүн ата-энелери ойлонуп жаткандарын кошумчалашты.

"Ымыркайларга Тынчтык деген сыяктуу аттарды коёбуз деп тамашалап калдык эле. Китептен карап, ойлонуп коёбуз дешкен. Азырынча коюла элек", - деп кошумчалады ал.

Баткенде коопсуз жайга көчүрүлгөндөн кийин көз жарган келиндер үйүнө чыгарылды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Margo82
2021-05-05 12:37:01
Кыргызча жакшына аттардан койгула,тажикче аралаштырбай,
+1
rysik79
2021-05-05 12:39:01
Тополоң деп койгула.
+1
bond02
2021-05-05 12:40:00
Садыр деп коюп албагыла дагы.
0
Kany096
2021-05-05 20:20:32
Эч качан согуш болбосун
Тынчтык деп койгула
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан