Бүгүн, 10-декабрда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Баткен облусунда болгон окуядан кийин кырдаалдын курчушуна алып келбөө ошондой эле кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо боюнча комплекстүү чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиленгени айтылды.
"Вице-премьерлер чек арага чектеш аймактардагы чыңалууну жоюу боюнча эки жакка бирдей болгон чараларды кабыл алуу маанилүү экенин айтышты. Алар Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна 2020-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын аймагында кезектеги жолугушууну өткөрүү тапшырмасын беришти. Ошондой эле тараптар биргеликте окуяны ар тараптуу иликтөөнү өткөрүү тууралуу макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын ошондой эле облус жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүү процессине жалпы көзөмөл жүргүзөт.
Учурда эки тарап тең чек арага чектеш аймактарда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.