Жалал-Абад ОИИБинин, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери Баткен жергесинде кызмат өтөшүүдө. Чек арага байланыштуу ок атышуу башталган кезде жолго чыгышып, көптөгөн жоготууларга учураган Лейлек районунун Арка айылында коомдук тартипти көзөмөлгө алышууда.
Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери күндүзгү учурларда жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, түнкү учурда кайгуул кылуу багыттарына чыгышууда.